Быйыл Ош шаарында коомдук транспорт үчүн 9 жаңы аялдама орнотулат

  • 1 год мурун

Быйыл Ош шаарында коомдук транспорт үчүн 9 жаңы аялдама орнотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аялдамалар “Коопсуз шаар” долбоорунун нормаларына ылайык шаардын төмөнкү даректерине курулат. Алар Ленин көчөсү (Резиденция), Касымбеков көчөсү (№1 троллейбус линиясынын акыркы токтоочу жайы), Абдыкадыров көчөсү (көпүрөнүн жанында), Б.Осмонов көчөсү, “Керме-Тоо” МАБдын Кеңеш айылы, Тилеке-Батыр көчөсү (Саидмухтар), Курманжан-Датка көчөсү (Шейит-Дөбө). Мындан сырткары “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” ЖАКтын колдоосу менен 2 аялдама жасалды. Ошондой эле 4 коомдук транспорттун аялдамасы жаңыланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты