Быйыл окуу жылы 1-сентябрда башталат

  • 11 месяцев мурун

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-августта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө» буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, түрлөрүнө жана менчиктик таандыгына карабастан Кыргызстандагы бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2023-2024-окуу жылы 1-сентябрда башталып, 2024-жылдын 25-майында аяктайт.

Ошондой эле 2023-2024-окуу жылына мектеп каникулдарынын графиги бекитилди:

— күзгү каникулдар – 7 календардык күн: 2023-жылдын 6-ноябрынан 12-ноябрына чейин созулуп, сабактар 13-ноябрда башталат;

— кышкы каникулдар — 14 календардык күн: 2024-жылдын 1-январынан 14-январына чейин созулуп, сабактар 15-январда башталат;

— жазгы каникулдар — 11 календардык күн: 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартына чейин созулуп, сабактар 1-апрелде башталат.

Биринчи класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумага жазгы каникул күндөрү узартылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты