Быйыл мектептеги окуу китептерине 25 сомдон ижара акысы төлөнөт

  • 11 месяцев мурун

 Быйыл мектептердеги окуу китептеринин ижара акысы 25 сом өлчөмүндө болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу китеби үчүн ижара акысын 2023-жылдын 31-декабрына чейин төлөө керек.

«Мектептерде окуу китептеринин ижара акысын киргизүү жаңы китептерди сатып алууга шарт түзө турганын кошумчалайт. Жаңы окуу жылында ижара акысын көтөрүү пландалган эмес. Келечекте окуу китептерине болгон баанын жогорулашы менен ижара акысынын өлчөмү жогорулатылышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик быйылкы жылы төмөнкү китептерди басып чыгаруу пландалып жатканын кошумчалайт.

— башталгыч класстары үчүн “Мен жана дүйнө”, “Кыргыз тили”, “Адабий окуу”;

— 7-8-класстар үчүн “Адам жана коом” окуу китептерин басып чыгаруу пландалууда.

Министрлик ошондой эле окуу китептерин басып чыгарууга лицензия алуу үчүн Кембриж жана Оксфорд университеттеринин басмаканалары менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Окуу китептери басылып чыккандан кийин электрондук версиялары Билим берүү жана илим министрлигинин Электрондук китепканасынажайгаштырылат. Министрлик жыл сайын окуу жылы башталгандан кийин окуу китептеринин жетишсиздигин аныктоо үчүн мектептердин окуу фондуна инвентаризация жүргүзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты