Быйыл күзүндө жергиликтүү кеңештерде шайлоо өтөрү айтылды

  • 4 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештерди мөөнөтүнөн мурда шайлоону быйыл күзүндө өткөрүү пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйынында билдирди.

“Сиздер мыйзамдарды колдоп берсеңиздер жергиликтүү кеңештерди шайлоону быйыл күзүндө өткөрсөкпү деп жатабыз. Бирдиктүү күн кылып, төрт эмес, беш жылга шайланат. Жергиликтүү кеңештердин шайлоосун быйыл өткөрүп алалы деп жатабыз”, — деди ал

Жапаров административдик-аймактык реформанын максаты айылдарды бириктирип, шаарларды кеңейтүү экенин, реформанын жыйынтыгы менен айыл аймактар 452ден 235ке азая турганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты