Быйыл Бишкекте канча түп бак-дарак кыйылганы айтылды

  • 10 месяцев мурун

Быйыл Бишкекте 2 миңдей бак кыйылган. Бул тууралуу 12-августта «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Жаныбек Жумалиев маалымат жыйынында айтты.

Анын маалыматына караганда, Чыңгыз Айтматов проспектисин оңдоодо эле миңге жакын бак кыйылган.

«Өндүрүштүк программа боюнча жылына 600-700 бак-дарактарды кыюу пландаштырылган, тилекке каршы, жолду реконструкциялоо жана объектилерди куруунун эсебинен көбүрөөк болуп жатат. Эгерде жашыл аймактар курулушка туш келип калса, ар бир бак үчүн калыбына келтирүүчү сумма төлөнөт. Андан кийин бакты салса болот», — деди ишкананын башчысы.

Борбордогу жашыл аянтчалардын 50-60 пайызга жакыны жарамдуулугун жоготкон. Маселен, Айтматов боюнча теректин пайдалуулугу 50 жыл, скверлерде жана сейил бактарда алардын пайдалуулугу 70-80 жыл.

Эмен дарактарынын пайдалуулугу 150-200 жылды түзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты