Быйыл 11 бала бакча пайдаланууга берилди

  • 7 месяцев мурун

Быйылкы жылы 11 бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы 10 бала бакчанын курулушун жана 2 бала бакчанын оңдоп-түзөөсүн бүткөрүү пландалган.

Бүгүнкү күнгө карата 11 бала бакча пайдаланууга берилди (9 курулуш, 2 оңдоп-түзөө), ал эми 1 бала бакчанын курулушу бүткөрүү алдында турат.

Чуй облусу боюнча — 1;
Баткен облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 1 курулуш,1 оңдоп-түзөө;
Нарын облусу – 2;
Ош облусу – 4;
Талас облусу – 1 оңдоп-түзөө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты