БУУнун Кыргызстандагы тутумунун координатору Антье Граве Президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды

  • 1 год мурун

Президент Жапаров бүгүн, 6-октябрда, БУУнун Кыргыз Республикасындагы тутумунун жаңы дайындалган nуруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды.

Антье Граве Президент Садыр Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды. 

Президент Кыргыз Республикасы БУУнун Уставында бекитилген жалпы таанылган максаттарды жана принциптерди сактоону карманганын жана мындан ары да аларды жактоого даяр экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Кыргызстандагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Антье Граве Кыргызстанды БУУга мүчөлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, бул кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи. 

Мындан тышкары, ал 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында кабыл алынган Кыргызстандын 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялоо, 2022-жылды Кыргызстанда “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук” жылы деп жарыялоо жана “Жашыл Мурас” улуттук бак-дарак отургузуу өнөктүгү боюнча демилгелерине жогору баа берди. 

БУУнун Кыргызстандагы тутумунун туруктуу координатору кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы конфликттин натыйжасында адамдардын курман болгондугуна байланыштуу мамлекет башчыга көңүл айтты. БУУнун тутуму Баткен облусунун жапа чеккен райондоруна мындан ары да зарыл жана тез арадагы жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты