БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело «Даңк» медалы менен сыйланды

  • 2 года мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело «Даңк» медалы менен сыйланды. Сыйлыкты 23-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда Ожиелого бул даражалуу медаль коронавирус пандемиясы маалында эл аралык жардам берүүнү жана Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошууну уюштурууга кошкон салымы үчүн берилгени айтылат.

Акылбек Жапаров «БУУну мекемелерине Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө, адам укугун коргоого, гендердик теңчиликти сактоого, демократиялык институттардын өнүгүшүнө, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө, саламаттык сактоо тармагына, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, терроризм-эстремиздин алдын алууга жана маңзат соодасын каршы аракетке кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Озонниа Ожиело бул сыйлыктын ыйгарылганына ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын эли, жери жана бул өлкөдө өтөгөн кызматы ар дайым жүрөгүндө болорун билдирди», — деп айтылат өкмөт тараткан билдирүүдө.

Озонниа Ожиелонун Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын мөөнөтү аяктап жатат. Ал БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү болуп 2017-жылдан тартып иштеп келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты