БУУ Кыргызстандын демилгеси менен тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялады

  • 2 года мурун

Бириккен улуттар уюму Кыргызстандын демилгеси менен 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 14-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясы “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” деп аталган резолюцияны кабыл алды. Резолюция бир добуштан добуш берүүсүз кабыл алынды. БУУга мүчө 109 мамлекет ага авторлош катары кошулду.

“Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын” жарыялоо жөнүндөгү демилгени Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сунуштаган.

“Беш жылдыкты” жарыялоо тоолуу өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына, “жашыл” экономиканы жана технологияларды өнүктүрүүгө тоолуу өлкөлөрдүн ортосунда кызматташтыкты бекемдөө үчүн финансылык механизмдерди түзүүгө, тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатында илим жана билим берүүнү өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерине каршы аракет жасоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калуу, тоолуу аймактарда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга гранттарды жана инвестицияларды тартууга кеңири жол ачат», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты