БУУ комиссиясы Украинадагы согушта геноцид болгону боюнча далилдерди тапкан жок

  • 1 год мурун

Бүгүнкү күнгө карата орус армиясы Украинада геноцид кылганы боюнча далилдер табыла элек. Бул тууралуу БУУнун эл аралык комиссиясынын башчысы Эрик Мёсе билдирди.

«Биз Украинада геноцид болгонун ырастаган далилдерди тапкан жокпуз. Азыр комиссия маалыматтарды изилдеп жатат. Анткени ыктымал геноцид тууралуу суроолорду жартышы мүмкүн болгон айрым аспектилер бар», – деди комиссиянын башчысы.

Ошол эле маалда Орусиянын Украинадагы кылмыштары тууралуу БУУнун 16-мартта жарыяланган баяндамасы жөнүндө айткан Мёсе «орус тараптын көптөгөн согуштук кылмыштары аныкталганын» билдирди.

Анын айтымында, комиссия мүчөлөрү баяндаманы даярдоодо Украинанын 56 калктуу конушунда болуп, 348 аял жана 247 эркек менен сүйлөшкөн. Мындан тышкары алар жарандар барымтада кармалып турган, кыйноого алынган жана жапырт көмүлгөн жерлерде болуп кайтышкан.

Баяндамада Киев, Чернигов, Харьков жана Сумы облустарындагы адам өлтүрүүлөр, мыйзамсыз эркинен ажыратуу, кыйноо, зордуктоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү жана балдардын мыйзамсыз депортациясы жөнүндө жазылган.

Мындан тышкары Орусиянын Украинанын энергетикалык инфраструктурасына жасаган соккуларын адамзатка каршы кылмышка теңесе болору белгиленип, орус бийлиги көзөмөлдөгөн аймактарда карапайым тургундардын же согушка катышпаган адамдардын көзүн тазалоо учурлары тууралуу далилдер чогултулганы белгиленген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты