Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу кызматтан алынган полковник Ош шаардык милициясына жетекчи болду

  • 2 года мурун

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп Марлис Асанов дайындалды. Тиешелүү буйрукка ички иштер министри Уланбек Ниязбеков кол койгон.

Марлис Асанов буга чейин Талас облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган.

Белгилей кетсек, Марлис Асанов 2018-жылы ала качууга кабылып, каза тапкан Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнөн кийин кызматынан бошотулган.

2018-жылы он тогуз жаштагы Бурулай Турдаалы кызы Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө бычакталган. Кызды ала качууга аракет кылып, андан кийин ага ички иштер бөлүмүнүн ичинде кол салган Марс Бөдөшов жыйырма жылга эркинен ажыратылган.

Бул кылмыш ишине милиция кызматкерлерине шалаакылык боюнча сын айтылып, Марлис Асанов Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары кызматынан четтетилген. Андан башка Жайыл райондук үч милиция кызматкери күнөөлүү деп табылып, ар бирине 260 миң сомдон айып пул салынган.

2021-жылы Марлис Асанов Талас облустук милициясынын жетекчилигине дайындалган, ага чейин Криминалдык милиция кызматынын улук ыйгарым укуктуу кызматкери болуп иштеп келгени ачыкка чыккан.

.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты