Бурана айыл аймагынын тургундары көчөлөрдү жарыктандырууну жакшыртып, жаңы балдар аянтчасын салды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Бурана айыл аймагынын жигердүү тургундары өз жамааттарындагы орчундуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн биригишти.

Бурана айыл аймагынын тургундары көчөлөрдү жарыктандырууну жакшыртып, жаңы балдар аянтчасын салды

USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен алар Бурана айылында көчө жарыктарын орнотуп, Дөң-Арык айылында жаңы балдардын оюн аянтчасын куруп беришти.

Бурана айыл аймагынын тургундары көчөлөрдү жарыктандырууну жакшыртып, жаңы балдар аянтчасын салды

Туристтик жайлардын катарына кирген, 800дөй тургуну бар Бурана айылынын көчөлөрүндө жарык жок болчу. Коомчулуктун активдүү мүчөлөрүнүн тобу бул көйгөйдү чечүү максаты менен бир жыл бою иштешти. Көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн тургундар жана жергиликтүү ишкерлер тарабынан 117 миң сом чогултулуп, айылдык кеңеш тарабынан жергиликтүү бюджеттен 300 миң сомдон ашык каражат бөлүнгөн. USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору коомчулукту мобилизациялоо боюнча окутууларды уюштуруп, юридикалык кеп-кеңештерди берип, ошондой эле 380 миң сомдун тегерегинде керектүү жарыктандыруучу жабдууларды сатып алууга жардам берди.

«Мурда колубузга фонарик алып түнү менен сейилдеп жүрсөк, азыр бардык жерде жарык, өзгөчө коңшу айылдардагы мектептерге барган балдарыбыз үчүн коопсуз болду. Анын үстүнө жарык орнотулгандан бери мал уурдоо токтотулду. Мурда көп болчу», – дейт Бурана айыл өкмөтүнүн 2020-2021 жылдардагы башчысы Нурлан Комучиев.

Дөң-Арык айылында жашоочулардын негизги көйгөйү айылда жашаган 1 миңден ашык бала үчүн коопсуз аянтчанын жоктугу болчу. Активдүү жарандардан турган демилгелүү топ айыл тургундарынын салымы катары 300 миң сомдон ашык каражат чогултууга жетишкен. Айылдык кеңеш 2 млн. сом бөлүп, 12 сот муниципалдык жерди жаңы балдар аянтчасы үчүн бөлүп берген. Ошондой эле Чүй облусун өнүктүрүү фонду жана Чүй токой чарбасы да жардам көрсөттү. USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору 1 млн. сомго жакын акчага балдар аянтчасынын жабдууларын – кумдуктар, селкинчектер жана отургучтарды – сатып алды.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жеке ишкерлерге жана Бурана менен Дөн-Арык айылдарынын жарандарына чоң салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирем. Биз Кыргызстандын жарандары жана өкмөт ортосундагы кызматташууга, жергиликтүү көйгөйлөрдү биргелешип чечүүдө колдоо көрсөтүүнү улантабыз», – деди USAIDдин Кыргыз Республикасындагы программалык департаментинин жетекчиси Эндрю Мэйбрук.

«Жигердүү жарандар» – USAID тарабынан каржыланган жана FHI 360 тарабынан ишке ашырылган беш жылдык долбоор. Анын негизги максаттарынын бири – жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн жарандык коом, өкмөт жана жеке сектордун кызматташтыгын бекемдөө. Долбоор 2020-жылдан бери Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы он айыл аймактарда тротуарларын оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, мектеп ажатканаларын жакшыртуу сыяктуу демилгелерди колдоп келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты