Булак: Тажикстанда күзгү аскерге чакыруу планы аткарылган жок

  • 2 года мурун

Тажикстандын айрым шаарлары менен райондорунда күзгү аскерге чакыруу планы аткарылган жок. Бул тууралуу «Озоди» радиосу армияга чакыруу комиссияларындагы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, план 15тен ашык райондордо жана республикалык маанидеги шаарларда аткарылбай калган. Азырынча бул кайсыл район-шаарлар экени так белгисиз. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан бул боюнча маалымат алуу мүмкүн болгон жок. Мекеме буга чейин армияга чакыруу өнөктүгү аяктаганына карабастан, өспүрүмдөр эсепке алуу үчүн аскердик комиссариаттарга чакырылышы мүмкүн экенин билдирген.

1-декабрда Тажикстандын Коргоо министрлиги күзгү аскерге чакыруу планы толук аткарылганын билдирген. Министрлик план аткарылганы боюнча Тоолуу-Бадахшан автоном облусу, Душанбедеги төрт район, республикалык маанидеги шаарлар, Хатлон жана Согд облустары отчет бергенин кабарлаган. Бирок ал билдирүүдө план канча пайызга аткарылганы жазылган эмес. Андан эки апта мурда мекеме 11-ноябрга карата план 81,4% аткарылганын билдирген.

«Озоди» радиосунун маалыматына караганда, жакында Коргоо министрлигинде 15тен ашык аскердик комиссариаттын өкүлдөрү катышкан атайын жыйын өтүп, аларга 15-декабрга чейин күзгү пландын аткарылганы боюнча очтет берүү тапшырылган.

Тажикстанда күзгү аскерге чакыруу өнөктүгү 1-октябрда башталып, расмий түрдө 30-ноябрда аяктаган. Бул өнөктүктүн акыркы күндөрү жакындарын күчтөп армияга алып кеткени боюнча «Озоди» радиосуна даттангандар көп болгон. Алардын арасында ден соолугуна байланыштуу аскерден бошотулган жакынын да алып кеткенин айткандар бар.

Буга чейин Кушониён районундагы жамааттардын биринде жергиликтүү бийлик тургундардан миграциядагы балдарын чакырып, аскерге жөнөтүүнү талап кылып, алардын электр жарыгын өчүрүп, аймактагы мечитти жаап салышканы кабарланган. Анда жергиликтүү акимчилик бул боюнча аларда эч кандай маалымат жок экенин билдирген. Юристтер бийликтин бул аракети мыйзамсыз экенин айтышкан.

Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Анда 18 жаштан 27 жашка чейинки жарандар аскерге чакырылат. Жыл сайын аскерге чакыруу өнөктүгү башталганда жаштарды көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурлар тартылган көптөгөн видеолор тарайт. Мындан тышкары ЖМКлар менен соцтүйүндөргө армиядагы чоңсунуу, өкүмзордук жана уставдан тыш мамиледен улам көз жумган жоокерлер тууралуу макалалар да чыгып турат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты