Бул жылы өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 1,7 миллиард сом акциз салыгы чогултулду

  • 2 года мурун

Бул жылы өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 1,7 миллиард сом акциз салыгы чогултулду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылы алкоголдук продукциялардын жүгүртүлүшүнө контролду күчөтүүнүн алкагында өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 1 миллиард 725,5 миллион сом акциз салыгынын түшүүсүн камсыз кылды. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 80 пайызга көп.

Анын ичинен «АЮ» ЖЧКсы 514,9 млн сом акциз салыгынын түшүүсүн камсыздады, бул 2021-жылга салыштырмалуу 53 пайызга көп.

Бул көрсөткүчтөр Министрлер кабинетине караштуу этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жобосунда каралган функциялары ишке ашыруу процессинде тургандыгына карабастан, Салык кызматынын аракеттери менен жетишилди.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2203 коду менен классификациялануучу, акциздик марка менен маркаланбаган сыра продукциясын өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салынат, ал эми 2023-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган сыра продукциясын жүгүртүүгө тыюу салынат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты