Бул жылы физика боюнча Нобель сыйлыгын жасалма интеллектин негиздөөчүлөрү алды

  • 7 дней мурун

8-октябрда жасалма интеллектин негиздөөчүлөрү болгон Жон Хопфилд менен Жеффри Хинтон физика боюнча 2024-жылдагы Нобель сыйлыгын алышты. Бул тууралуу Нобель сыйлыгынын расмий баракчасы кабарлады.

Нобель сыйлыгы Хопфилд менен Хинтонго «жасалма нейрон тармактарын колдонуу менен машина үйрөнүүнү мүмкүн кылган негизги ачылыштары жана ойлоп табуулары үчүн» ыйгарылганы айтылды.

Ошондой эле расмий маалыматта «Жон Хопфилд маалыматты сактай турган жана калыбына келтире ала турган структураны түзгөнү, ал эми Жеффри Хинтон бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан ири жасалма нейрон тармактары үчүн маанилүү болгон, маалыматтардагы касиеттерди өз алдынча таба ала турган ыкманы ойлоп тапканы» айтылган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты