Бийлик мамлекеттик мекемелердин ишине жасалма интеллектти киргизе баштады

  • 3 месяца мурун

Кыргызстанда жасалма интеллект мамлекеттик мекемелердин ишине жаңы гана киргизиле баштады. Бирок бул процесс артыкчылыктары менен катар эле коркунуч да жаратышы мүмкүн.

Акыркы бир жуманын ичинде өлкөдөгү бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери мамлекеттик мекемелердин ишине жасалма интеллектти киргизүү боюнча бир нече билдирүүлөрдү жасашты.

Алсак, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров салыктарды эсептөөдө жасалма интеллект пайдаланыла баштаганын айтса, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну сунуштаган.

Бир жыл мурда президенттик администрацияда кыргыз тилиндеги маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн сатылып алынган NVIDIA үлгүсүндөгү «суперкомпьютер» тааныштырылган. Мындан тышкары жасалма интеллект кыргыз тилин пайдалана баштаганы жана кыргыз тилинде чат-бот түзүү пландалып жатканы кабарланган.

Кыргызстандын жасалма интеллектти пайдалануудагы жетишкендиктери тууралуу 1-февралда башталган Digital Almaty 2024: Industry X эл аралык VI санарип форумунда да айтылды.

Кыргыз делегациясынын өкүлү Азамат Буржуев «Азаттыкка» берген маегинде Кыргызстандын мамлекеттик системасына жасалма интеллектти киргизүү пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, мунун максаты мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана күнүмдүк маселелерди чечүүдө мамлекеттик кызматкерлер менен калкка жардам берүү болуп эсептелет. Долбоор мамлекеттик бюджеттик эсебинен каржыланат. Мындан тышкары эл аралык өнөктөштөр менен донорлордун каражаты да тартылышы мүмкүн. Бирок негизги көйгөй – жасалма интеллект тармагында адистердин жетишсиздиги болууда.

Юрист Фатима Якупбаева укук системасына жасалма интеллектти киргизүүгө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, негизги маселе туура эмес маалыматтардын жүктөлүп калуу ыктымалдыгына байланыштуу. Соттук актылардын маалыматтарын анализдөөгө негизделген робот-судья туура эмес чечим чыгарып коюшту мүмкүн. Ал кыянаттыкка жол бербөө үчүн жасалма интеллектти киргизүү – демократиялык коомдун жана адилет соттун кызыкчылыктарына дал келиши маанилүү экенин кошумчалады.

Буга чейин Factcheck.kg ресурсу Кыргызстанда жасалма интеллект кайсы тармактарда пайдаланылып жатканы жөнүндө макала даярдаган. Анда бул технологиялардын бири катары Бишкектеги адамдарды жүзүнөн тааный турган видеокөзөмөл камераларынын системасы аталган. Бул система кеңири колдонулуп жатканы жөнүндө өткөн жылдын ортосунда белгилүү болгон. Ички иштер министрлиги мындай камералардын жардамы менен 10 күндүн ичинде эл аралык издөөдө жүргөн 57 киши кармалганын билдирген. Кийин алардын бири орусиялык активист Алена Крылова экени аныкталган. Ал Орусияга экстрадицияланып, ал жакты эки жылга эркинен ажыратылган.

Былтыр жыл соңунда жасалма интеллектти Калкты тейлөө борборлорунун ишине киргизүү ниети жөнүндө санариптик өнүгүү министри Нурия Кутнаева да айткан.

Бишкектеги ololo жасалма интеллект клубунун негиздөөчүсү, Compass College’дин окутуучусу Игорь Чемеркин жасалма интеллектке байланыштуу ар бир учурдун спецификасы эске алынышы керек деп эсептейт. Ал жасалма интеллект колдонуп жаткан жана туура жолго коюлган система – маалыматтардын ачыкка чыгып кетүү жагынан алганда Кыргызстандагы онлайн-сервистерден кооптуу эмес. Ал жасалма интеллектти көзөмөлдөөдө жергиликтүү специфика эске алынып, өнүгүп келе жаткан жергиликтүү компанияларды «муунтуп» салбашы керектигин белгиледи.

«Кыргызстанда жасалма интеллектти киргизүүдөгү негизги тобокелдиктер маалыматтардын коопсуздугуна эмес, системанын туруктуу ишин камсыз кылуунун оордугуна байланыштуу. Кыргызстандын жасалма интеллектти мамлекеттик тармакка киргизүү үчүн потенциалы бар жана буга жергиликтүү адискөй коомчулук жардам бере алат» деди Чемеркин.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты