Бул күн мекенчилдик сезимибизди козгоп турат. Президенттин куттуктоосу

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, кыргызстандыктарды  Мекен коргоочулардын күнү менен куттуктады. 

-Ар-намыстын жана эрдиктин үлгүсү болуп, Ата Мекенге ак ниет кызмат кылгандарга ар жылы 23-февралда башыбызды ийип, таазим этебиз. Бул күн ата-бабаларыбыздын Ата Журтубузду көздүн карегиндей коргоп келишкендигин эске салып, мекенчилдик сезимибизди козгоп турат. Анткени туулган жерди — Ата конушту коргоо ар бир кыргызстандыктын ары сыймыктуу, ары жоопкерчиликтүү атуулдук милдети.

Дүйнө жүзү улам жаңы коркунучтарга туш болуп жаткан маалда сиздер ар кандай кырдаалдарга жогорку деңгээлде даярдыкта болушуңар кажет. Мындай шартта мамлекет Куралдуу күчтөрдүн согуштук жөндөмүн өркүндөтүп, коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу, күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жакшыртуу аракеттерин тынымсыз көрүп жатат. Ошону менен бирге, аскер кызматчыларынын социалдык маселелерин чечүүгө олуттуу көңүл бурулуп келет, -деп айтылат куттуктоодо.

Ар жылы 23-февралда Мекенди коргоо күнү белгиленет. Бул күн календарда кызыл күн, эс алуу күнү болуп саналат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты