“Бул биздин жашоо образыбыз…” Бугунун канын ичип, -40 градус суукта жашаган ненец калкы (Фоторепортаж)

Россиянын Ямал-Ненец автономдуу округунда кызыл китепке кирген “ненец” калкы жашайт. Алар -40 градуска чейинки сөөк какшаткан суукта бугу кармап тирилик кылышат. Биз, бул жолку фоторепортажда ненец калкынын жашоосу тууралуу айтып беребиз. 

“Бугунун терисинен кийим” 

Жылдын 8-9 айы кыш болгон  Ямал-Ненец автономдуу округу (Салехард)  дүйнөдөгү көп жерлерге окшошпойт. Өзгөчө кышында саат 10:00дө таң атып кайра 15:00дө кеч кире баштайт. Ал эми күн болсо кадимки “өгөй эне” сыяктуу алыстан гана бираз көрүнүп, дээрлик жылуулугун чачпайт. Ошол себептүү, бул аймактарда ызгаар токтобой, сөөккө жеткен сууктун илеби даана сезилип турат. 

Дал ушул аймактарды ненец калкы бир нече кылымдан бери байырлап келет. Акыркы маалыматка ылайык, Россиянын ар кайсы аймактарында 50 миңге жакын ненец жашайт. 

Ненецтер кыргыздар сыяктуу көчмөн калк. “Чум” деп аталган чатырларды тигип, суук өткөрбөш үчүн бугунун териси менен жаап коюшат. 

“Бул биздин жашоо образыбыз…” Бугунун канын ичип, -40 градус суукта жашаган ненец калкы (Фоторепортаж)

Чумдар токойдун арасында жайгашып, алыстан кадимки үймөктөлгөн кар сыяктуу көрүнөт. 

Биз чумга жакындай бергенде, ичинен кыска бойлуу жүзү кыргыздардыкына окшош аял тосуп чыкты. 

“Бул биздин жашоо образыбыз…” Бугунун канын ичип, -40 градус суукта жашаган ненец калкы (Фоторепортаж)

Өзүн Нюдяне деп тааныштырган аял сегиз баласы жана күйөөсү менен чумда көчүп-конуп жашап келет. 

“Бул биздин жашоо образыбыз…” Бугунун канын ичип, -40 градус суукта жашаган ненец калкы (Фоторепортаж)

(Нюдяне балдары менен) 

Ненецтердин улуттук кийимдеринин дээрлик баары бугунун терисинен жасалат. Анткени, мындай кийимдер ызгаарга туруктуу келип, суук өткөрбөйт. 

“Бул биздин жашоо образыбыз…” Бугунун канын ичип, -40 градус суукта жашаган ненец калкы (Фоторепортаж)

“-50 градуска чейинки сууктагы жашоо” 

Ненецтердин жашоосу бугуларга байланган. Ар бир ненец үй-бүлөсүндө орто эсеп менен 5000ге чейин бугулар багылат. Аларды үйдүн эркектери “буран” деп аталган кар үстүндө жүрүүчү унаа менен кайтарып турат. 

“Бул биздин жашоо образыбыз…” Бугунун канын ичип, -40 градус суукта жашаган ненец калкы (Фоторепортаж)

(Фото: SPA/EAST NEWS) 

Бугулар бир жерден экинчи жердеги суук аймактарга бат-бат жер которуп тургандыктан, ненец калкы да бугулардын аркасынан кетишет. 

Кызыгы, ненец калкы бугулардын канында көптөгөн витаминдер бар деп эсептешкендиктен, сойгондон кийин канын ичип, этин чийки жешет. 

“Бул биздин жашоо образыбыз…” Бугунун канын ичип, -40 градус суукта жашаган ненец калкы (Фоторепортаж)

(Фото:  Jean-Christophe Plat)

Бул алардын климаты катаал шарттарда организмдеги керектүү витаминдерди топтоого жана жашоого мүмкүнчүлүк берет. 

“Чумдун ичи” 

Салт боюнча чумдун ичин жылытуу жана отун даярдоо аялдарга таандык. Бир чумду тургузуу үчүн атайын жыгачтар жана 40ка жакын бугунун териси керектелет. Кичинекей сезилгени менен бир чумдун ичине 20га жакын киши жашаса болорун да айтышат. 

“Бул биздин жашоо образыбыз…” Бугунун канын ичип, -40 градус суукта жашаган ненец калкы (Фоторепортаж)
“Бул биздин жашоо образыбыз…” Бугунун канын ичип, -40 градус суукта жашаган ненец калкы (Фоторепортаж)

Чумдун ичи жылуу. Ортодогу мешке үзгүлтүксүз от жагылып турат. Кызыгы, мештен чыккан жыт буруксуп, кадимки айылдын жыты жыттанып тургансыйт. 

“Унутулбаган жашоо образы” 

Ненецтердин улуу муунундагылардын көпчүлүгү сабатсыз болсо да, балдары мектепке барышат. Мындан сырткары Россиянын өкмөтү Салехард шаарынан квартираларды дагы бөлүп берет. Бирок, алар азыркы күнгө чейин өздөрүнүн жашоо образынан баш тартып, отурукташып калышкан эмес.

 Нюдяненин айтымында “Биз ата-бабаларыбыздын жашоо стилине көнүп калганбыз, бул биздин жашообуз”,-дейт. 

“Бул биздин жашоо образыбыз…” Бугунун канын ичип, -40 градус суукта жашаган ненец калкы (Фоторепортаж)
“Бул биздин жашоо образыбыз…” Бугунун канын ичип, -40 градус суукта жашаган ненец калкы (Фоторепортаж)
“Бул биздин жашоо образыбыз…” Бугунун канын ичип, -40 градус суукта жашаган ненец калкы (Фоторепортаж)

Автор: (Фото, текст) Гулиза Урустамбек кызы 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты