Буйрутма менен адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

  • 11 месяцев мурун

Буйрутма менен адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда бир нече жолу соттолгон, оор кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды.

«Жакында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү), 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу), 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1992-жылы туулган Х.А.нын жүргөн жерин аныкташкан. Аны кармоо операциясы Чүй облусунун аймагында жүргүзүлгөн. Жаран Х.А. “Карышкыр” каймана аты бар криминалдык төбөл Мурсалым Умырзаковдун жакын адамдарынын бири. Умырзаков “Уюшкан топ түзүү же ага катышуу”, “Адам уурдоо”, “Опузалап талап кылуу” жана “Адам өлтүрүү” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылган» — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 2022-жылдын жаз айларында Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагынан белгисиз адамдар жыйырма тогуз жаштагы жаранды уурдап кетип, көрүстөнгө алып барып, денесине оор залал келтиришкен. Ал жаран адам өмүрүнө туура келбеген жаракаттан улам каза болгон. «Көп өтпөй тергөө учурунда бул оор кылмышка тиешеси бар төрт адам кармалып, алардын арасында “Карышкыр” каймана аты бар криминалдык төбөл да бар экени аныкталган. Кылмыштын буйрутмачысы катары өлтүрүлгөн жаран менен чогуу жашаган аял кармалган. Алардын бардыгына кылмыш иши козголуп, учурда жазасын өтөп жатышат. Бирок 1992-жылы туулган Х.А. аттуу жаран бул оор кылмышка түздөн-түз тиешеси бар болгондуктан, изин жашырып жүргөн. Ага карата издөө жарыяланган», — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Чүй облусунун Панфилов районунун аймагынан издөөдө жүргөн жаранды кармашкан. Кармалган адам Жалал-Абад ОИИБге жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты