Будённый көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

  • 7 месяцев мурун

Бишкек шаарындагы Будённый көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн 4-январдан 5-январга чейин убактылуу жабылат. Бул чектөө Куликов, Славян жана Рыбин көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан канализация куруу иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

Маалыматка ылайык, курулуш учурунда казылган траншеянын орточо туурасы 1,2 метрди түзөт. Курууну Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүп, подрядчы катары “Агат КЖ-Строй” ЖЧКсы тартылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты