Будапештте кыргызстандык скульптор Тамила Маматованын айкелдер көргөзмөсү өтүп жатат

  • 2 года мурун

15-июнда Венгриянын Будапешт шаарында кыргызстандык скульптор Тамила Маматованын айкелдер көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, көргөзмө Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30-жылдыгына арналган.

Көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземине Венгриянын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, дипломатиялык корпус жана бизнес чөйрөсү катышты.

Көргөзмө 17-июнга чейин уланат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты