БШКнын мүчөсү Шайназаров жарандардын шайлоого катышуу деңгээли боюнча комментарий берди

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров бүгүнкү шайлоодо добуш берүү деңгээли былтыркы парламенттик шайлоого салыштырмалуу төмөнүрөөк болуп жатканын билдирди жана муну форма №2нин алынып салуусу менен түшүндүрдү.

“Мурунку шайлоодо №2-форма деген ыкма колдонулган. Ал мыйзам уруксат берген ыкма болчу. Ошондо 500 миңге жакын жараныбыз катталган жеринде эмес, башка жерлерде добуш берди. Муну менен биз эмнени айтсак болот? Ошол 500 миңдин тегерегиндеги шайлоочу жапырт түрдө шайлоо участокторуна ташылып барган. Азыр мыйзам менен бул нерсеге чектөө коюлган. Ошондуктан себептердин бири деп ушул нерсени эсептейм”.

БШКнын саат 18:00дөгү маалыматына караганда, добуш берүү көрсөткүчү 28 пайыздан ашты.

Бир мандаттуу округдар боюнча эң активдүү Оштогу Көк-Жар округу, эң солгуну Чүйдөгү Аламүдүн округу болууда.

Бирдиктүү округда алдыда Нарын облусу келе жатат, эң пассивдүү Чүй облусу.

Былтыр саат 18:00гө карата элдин шайлоого катышуусу 45,26% болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты