БШК төрт талапкерге айып пул салды

  • 7 месяцев мурун

БШК алдын ала үгүт эрежелерин бузган бир катар талапкерлерге чара көрдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үгүт шарттарын бузганы үчүн №22 округдан Эмильбек Абдыкадыров, №12 округдан Нуркан Койчуманова жана №10 округдан Жыргалбек Саматов административдик жоопкерчиликке тартылып, ар бири 75 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылды.

Ошондой эле №6 округдан Бекболот Арзибаев ошол эле округдун талапкери Алтынбек Кудайбердиевдин аброюна шек жараткан маалыматтарды таратканы үчүн айыпталып, 125 миң сом төлөөгө милдеттендирилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты