БШК: Электрондук урнаны ачып, бюллетенди жөн эле салып коюуга болбойт

Фейсбук колдонуучусу Данияр Шарабидин өзүнүн баракчасына, “Баса, биз жаңы эле шайлап чыктык. 8 мкр УИК 1114  АСУсу иштебей, анан ошол жерде иштеген бир аял: “мындай эле салып койгула да” деп айтты эле, элдер “андай болбойт. Асу эсептеш керек” деп кутуп калдык. Анан чукулап, чалып жатып иштетишти. Кайрат Маматов негизи ушундай учурда крышкасын ачып салып койсо болобу?” деген билдирүү калтырган. 

БШК: Электрондук урнаны ачып, бюллетенди жөн эле салып коюуга болбойт

Бюллетень салчу электрондук урналар иштебей калган учурда бюллетенди жөн эле урнаны ачып салып койсо болобу же жокпу?

БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, автоматтык эсептегин урналар иштебей калса, урнаны ачып бюллетенди салып койгонго болбой тургандыгын айтат.

БШК: Электрондук урнаны ачып, бюллетенди жөн эле салып коюуга болбойт

“Автоматтык эсептегич урналарды тейлеген операторлор бар. Эгерде эсептегич урналар иштебей калса, алар чара көрүшөт. Андан сырткары, ар бир районду техникалык колдоо командары бар. Эч болбосо алардын жардамы менен автоматтык эсептегич урнасы алмаштырылат. Ал эми бюллетенди урнаны ачып жөн эле салып коюга болбойт. Себеби, автоматтык эсептегич “пломба” менен бекитилип турат. Аны башка бирөө ача албайт”. 

Башка шайлоо тилкелеринде дагы электрондук урналар иштебей, кезек күтүп калгандар болууда. Бишкектеги №1103 шайлоо тилкесинде АСУ иштебей кезекке утуруп калган жарандар добуш бербей кетип калышканын байкоочу билдирди.

БШК: Электрондук урнаны ачып, бюллетенди жөн эле салып коюуга болбойт

“ПолитКлиника” медиасы шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп жатат. Эгерде сиз мыйзам бузууну байкасаңыз биздин WhatsApp: +996 227761201 жана Telegram +996 704761201 номерлерине жөнөтсөңүз болот. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты