БШК депутат Эмил Жамгырчиевди мандатынан ажыратты

  • 6 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечим БШКнын 2-февралдагы отурумунда кабыл алынганын «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, Эмил Жамгырчиев мандатын тапшыруу боюнча өзү арыз жазган.

БШК ушул эле күнү Токтобүбү Оргалчаны “Альянс” cаясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

24-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди УКМКнын тергөө абагына бир айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

10-январда Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев 2022-жылы Жамгырчиев Өзбекстандын “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, ага жолукканы тууралуу маалымат бардыгын айткан. Мындай маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке келгенде да ырастаган.

Жамгырчиев өзүнө байланыштуу иш тууралуу 16-январда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында комментарий берген. Ал депутаттарга кайрылып, тергөө иштери жүрүп жатканын, иш сотко өтүп өкүм чыккандан кийин гана сын-пикир айтылышы керек экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты