Шайлоо-2021: Бюллетендердин дээрлик 10% жараксыз деп табылды

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы акыркы маалыматтарга ылайык, 113 553 бюллетень жараксыз деп табылды. Бул шайлоодо колдонулган жалпы бюллетендердин 10%ын түзөт.

Добуш берүүгө жалпы 1 177 657 шайлоочу катышты.

Ушу тапта добуштарды автоматтык саноочу урна эсептөөдө. Андан соң кол менен саналып, акыркы расмий жыйынтык 18-декабрга чейин жарыяланат.

Бүгүнкү парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты