“Британия СССРдин окутуу системасына өтүп жатабы?” Текшеребиз

“Британия СССРдин окутуу системасына өтүп жатабы?” Текшеребиз

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги каралып жатканда, ал британиялык окутуу системасына өтүү зарылдыгын билдирген. 

Биз советтик педагогиканын жакшы жактарын алабыз. Акыркы 200-300 жылда дүйнөдө эки модель кармашкан. Пруссиянын жана Британиянын окуу модели. Британия системасы жеңди. Фин, швед, эстон мектептери дал ушул моделди колдонушат. Казакстан толугу менен бул системага өттү”, — деген Иманалиев. 

Бул боюнча Фейсбуктагы тайпаларга маалымат жарыяланганда Баялы Саркулов, Сайрагүл Оторова аттуу интернет колдонуучулары Британия СССРдин окутуу системасына өтүп жатканын жазышты.

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

2018-жылы 13-ноябрда орусиялык pravda-tv.ru сайтына Англиядагы заманбап жана абройлуу мектептер толугу менен советтик билим берүү системасына өттү” деген материал жарыяланган. Анда Британиянын билим берүү министри Джастина Грининг BBC’ге берген маегинде Британ орто мектептери советтик билим берүү системасына өткөнүн айтканы жазылган. Бул маалыматты бир топ орусиялык сайттар жазып чыгышкан.

Орусиялык Pravda-tv.ru сайты чындыкка дал келбеген маалымат тараткан

Британиянын мурдагы билим берүү министри Джастина Грининг BBC’ге советтик билим берүү системасына өтүү тууралуу маек берген эмес. Бул тууралуу маалымат BBC’нин сайтынан табылган жок. Ошону менен катар эле аталган сайт 2018-жылы 13-ноябрда билим берүү министри деп жазган Джастина Грининг ошол жылдын 8-январында бул кызматтан кеткен. Анын ордуна бул кызматка Дэмиан Хиндс келген.

Материалда манипуляциянын ыкмалары колдонулган

Pravda-tv.ru сайтынынАнглиядагы заманбап жана абройлуу мектептер толугу менен советтик билим берүү системасына өттү” деген материалында манипуляциянын ыкмалары колдонулганы аныкталды. Алар билим берүү министри деп жазган Джастина Грининг ага чейин эле кызматтан кеткен. Ал советтик билим берүү системасы тууралуу маек берген эмес.

дезинформация – маалыматты бурмалоо; 

калп — фактыларды бурмаланган түрдө көрсөтүү, чындыкка дал келбеген маалыматтарды берүү.

Жыйынтык: Британия СССРдин окутуу системасына өтүп жатат деген маалымат чыдыкка дал келбейт. Алгач бул маалыматты 2018-жылы 13-ноябрда орусиялык Pravda-tv.ru сайты жарыялап, манипуляциянын ыкмаларын колдонгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты