Британ премьери баш аламандыктарга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү

  • 1 месяц мурун

Ашынган оңчулдардын нааразылык акциялары уланып жаткан Улуу Британиянын премьер-министри Кит Стармер дүйшөмбү күнү өлкөнүн министрлери, коопсуздук жана күч түзүм кызматтарынын башчылары катышкан чукул жыйын өткөрдү.

Стармер өлкөдөгү демонстрацияларды «нааразылык акциясы эмес, зомбулук» деп атап, тартипти орнотуу үчүн «адискөй офицерлерден турган туруктуу армия» түзүүнү талап кылды. Ал бул түзүмдүн курамында полициянын гана офицерлери болорун же аскерлерди да тартуу каралып жатканын тактап айткан жок.

Стармер көчөлөрдө баш аламандыктарды уюштуруп жаткандар гана эмес, Интернетте элди мындай аракеттерге чакырып жаткандар да кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин белгиледи.

Улуу Британиянын ички иштер министри Иветт Купер абактарда «кылмышкерлердин бандиттик азчылыгы үчүн» орундар даярдалып, тергөөчүлөр менен прокурорлордун кошумча күчтөрү тартылганын билдирди.

Анын айтымында, нааразылык акциялары башталгандан бери полиция кызматкерлерине кол салган жана жарандарга зыян келтирген 140тан ашык киши камакка алынды. «Мындай адамдар Улуу Британия жарандарынын үнү эмес. Алар өз аракеттери үчүн мыйзамга ылайык жооп бериши керек» деди Купер.

Улуу Британиянын шаарларындагы баш аламандыктар Саутпорт шаарындагы бий студиясына болгон кол салуунун эртеси күнү башталган. 29-июль күнү кечинде белгисиз бирөө бычак менен балдардын бий студиясына кирип барып, кол салган. Жыйынтыгында үч секелек кыз набыт болуп, ондон ашууну жараат алган.

Социалдык тармактарда кол салган киши радикал исламчы экени тууралуу ырасталбаган кабарлар тарагандан кийин ашынган оңчулдар нааразылык акциясына чыгышкан. Полиция андай кабарларга ишенбөө керектигин билдиргени менен, башаламандык токтогон жок.

Полиция 17 жаштагы шектүү Аксел Рудакубана Улуу Британияда туулганын, ата-энеси Руандадан чыкканын билдирген.

5-августта бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Австралиянын, Нигериянын, Малайзиянын жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрликтери абал турукташканга чейин өз жарандарын Улуу Британияга барбай турууга чакырышты.

Сүрөт: Британ полициясы Саутпорт шаарындагы мечитти кайтарууда. 31-июль 2024-жыл. AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты