Бозгундагы президент Курманбек Бакиевди актоого кимдер кызыкдар?

23-майда “Саясат” Ютуб-каналында “Бакиевди ким өлтүргүлө деген? 14 жылдан кийинки чындык чыкты” аталышындагы видео тасма жарыяланды. Анда өзүн Апрель окуясынын катышуучусумун деп тааныштырган Тынчтыкбек Аметов аттуу жаран ошол кездеги оппозиция өкүлдөрүн жана аянтка чыккан элди айыптаган. Ошондой эле, аталган Ютуб-канал 2010-жылкы окуяларга байланыштуу бир нече видео жарыялады. Алардын бардыгында убактылуу өкмөттүн дарегине бир тараптуу сын пикирлер жана каралоолор айтылат. “ПолитКлиника” медиасы бозгундагы президент Курманбек Бакиевди актоого кимдер кызыкдар экенин анализдеп көрдү.

“Саясат» Ютуб-каналы

“ПолитКлиниканын” журналисттери буга чейин “Саясат” каналынын видеолорун анализдеп чыккан. Аталган Ютуб-канал 11 журналист камалган учурда көз карандысыз медиалар тууралуу каралоочу маанайдагы 18 видео бөлүшкөн. Ютуб-каналында жарыяланган видеолордун дээрлик баары кыргыз тилинде болсо, айрымдары орус жана англис тилдери менен да коштолгон. Ошондой эле, “Саясат” каналы ачылгандан бери бийликчил саясатчылардын жаңылыктарын байма-бай бөлүшүп, оппозициячыл маанайдагы саясатчыларды каралаган материалдарды да жасап келген. 

Бозгундагы президент Курманбек Бакиевди актоого кимдер кызыкдар?

Мындан сырткары, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар, көз карандысыз журналисттер жана бийликти сындап келген активисттерге каршы материалдар да бар. Видеолордун көпчүлүгүндө “бузуку”, “батышчыл” деген сөздөр менен кастык тили колдонулган. 

“Саясат” каналына УТРКнын кандай тиешеси бар? 

“Саясат” Ютуб-каналында жарыяланган видеолордо УТРКнын журналисттерин көрүүгө болот. Алар менен тааныштыра кетели. Биринчилерден болуп видеолордо Данияр Муратбеков чыга баштаган. Данияр Муратбеков өзүнүн Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасында КТРКнын СММ адисимин деп көрсөткөн.

Ошондой эле, УТРКга кантип жумушка келип калгандыгын жана алар жасаган  видеолор УТРКда тартылганын Инстаграмдагы тарыхчаларында бөлүшкөн. 

Бозгундагы президент Курманбек Бакиевди актоого кимдер кызыкдар?

Бирок УТРКнын маалымат боюнча башкы директорунун орун басары Улан Сатиев Данияр Муратбеков УТРКда иштебей тургандыгын айтты. 

1 — Улан Сатиев автор: Кымбат Турдубекова

Ал эми Данияр Муратбеков мурда УТРКда, “Саясат” Ютуб-каналында иштегенин тастыктап, ал Ютуб-каналга жарыяланган видеолор тууралуу жооп берүүдөн баш тартты. 

“Саясат” Ютуб-каналынын УТРК менен такыр байланышы жок”

Комментарий алуу максатында УТРКнын маалымат боюнча башкы директорунун орун басары Улан Сатиевге байланышканыбызда ал “Саясат” Ютуб-каналы менен УТРКнын байланышы бар экендигин четке какты.

2- Улан Сатиев автор: Кымбат Турдубекова

Бирок ошол каналдын видеолорунда тартылып жаткан журналист Диана Айдарова, Гүлжамал Көкүмбай кызы, Улан Касенов УТРКда иштей турганын тастыктады. Ошону менен катар эле УТРКда иштеген журналисттер башка медиада иштегенге болбой тургандыгын, бир гана УТРКнын расмий баракчаларынан жарыяланышы керектигин белгилеп өттү. 

3- Улан Сатиев автор: Кымбат Турдубекова

Ошондой эле, биздин “эгер эч кандай байланышы жок болсо, анда эмнеге УТРКда иштеген журналисттер ал каналга контент даярдап жатышат?” деген сурообузга төмөнкүдөй жооп берди:

4 — Улан Сатиев автор: Кымбат Турдубекова

Бирок биз сөз кылып жаткан материалдарды УТРКнын платформаларынан тапкан жокпуз. Улан Сатиев мырза ал материалдарды карап чыгам деп сөз берди. Эгер бул шилтемелерди жиберсе, андан ары талкуулаганга даярбыз. 

Жогоруда ысымы аталган журналисттердин дээрлик көпчүлүгү УТРКнын Жаңы медиа жана СММ бөлүмүндө эмгектенишет. “Чекит Медиа” платформасы өзүнүн журналисттик иликтөөсүндө УТРКнын Жаңы медиа жана СММ бөлүмү фейк, тролль бөлүмүнө айланып баратканын белгилеген. Бирок бул маалыматты УТРК четке каккан эле.

Эсиңиздерге салсак, 2023-жылдын 15-майында УТРКнын “Кыргыз ааламы” долбоорунун автору Кадыр Кошалиев аталган берүүсүнүн алкагында Кыргызстандын бозгундагы президенти Курманбек Бакиевден алган маегин жарыялаган. “ПолитКлиника” медиасы “Детектор” берүүсүндө аталган маек УТРКнын долбоору экенин далилдеген. Бирок УТРК Кадыр Кошалиев ал маекти макулдашпастан алган деп билдирген.

Жакында эле өлкө башчысы Садыр Жапаров Бакиев “апрелчилерге” фабрика куруп берүүнү убадалагынын, ал үчүн мамлекет жер бөлүп бергендигин билдирген.

Президенттин айтымында,  Апрель окуясында жакындары каза болгон жарандар анын кабыл алуусунда болуп, Бакиев аларга 200 кишилик тигүү цехин куруп берүүнү убадалаганын, ал үчүн жер бөлүп берүүсүн суранышкан. Мындан улам Садыр Жапаров 1 гектардан ашык жер бөлдүртүп бергенин айткан.

5 — Садыр Жапаров автор: Кымбат Турдубекова

Бирок президенттин айткандарынын айрымдарын “Социал демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков четке кагууда:

6 — Темирлан Султанбеков автор: Кымбат Турдубекова

Курманбек Бакиевдин кандуу башкаруусу  

Курманбек Бакиев 2005-жылы Март ыңкылабынан кийин бийликке келип, өлкөнү 2010-жылга чейин башкарган. Ал өлкөнү башкарып турган мезгил көптөгөн мыйзамсыз жоруктар, саясий негизде адам өлтүрүү жана кландык башкаруу менен таанымал болгон.

Cтатистика боюнча 2009-жылы Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли 2000-жылдарга салыштырмалуу бир аз азайса да калктын жашоосунда олуттуу өзгөрүүлөр болгон эмес. 

2009-жылы Кыргызстан калкынын 31,7% жакыр, 3,1%ы өтө жакыр жашайт деп эсептелип, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) калктын жашоо деңгээлинин өзгөрбөй жатышына бийликтеги коррупциянын күчөшү себеп болуп жатканын белгилеген. 

Ошондой эле, ЕККУ уюму бийлик алмашкандан кийин Кыргызстанда адам укуктарынын бузулушу жана рейдерлик басып алуулар күч алганын баса белгилеген. 

Мындан сырткары, Бакиев башкарып турган убакта Кыргызстандагы энергетикалык кризис критикалык деңгээлге жетип, “веердик өчүрүүлөр” дээрлик күн сайын болуп турган. Ушундай кырдаалда 2008-жылдан баштап Бакиев жетектеген бийлик электр энергиясына болгон бааны 72 тыйындан 1 сом 50 тыйынга чейин жогорулата баштаган.  

Мындай кымбаттоолор бир гана энергертика тармагында эмес, жылуулук, байланыш, азык-түлүк тармактарында да сезилген. 

Кымбатчылыктан сырткары, Курманбек Бакиев бийликте турганда анын жакын туугандары өлкөдөгү эң таасирдүү адамдарга айланышкан. Мисалы, Бакиевдин тушунда улуу баласы Марат Бакиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары, ал эми  кичүү уулу Максим Бакиев Өнүктүрүү, инновациялар жана инвестиция боюнча борбордук агенттикти (ЦАРИИ) жетектеп турган.

Бозгундагы президент Курманбек Бакиевди актоого кимдер кызыкдар?

Ал эми иниси Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген.

Кландык башкаруу менен бирге 2005-2010-жылдары Кыргызстанда саясий негизде адам өлтүрүү фактылары байма-бай катталып турган. Белгилүү болгондой, ошол убакта президенттин аппаратынын жетекчиси Медет Садыркулов, депутат Жыргалбек Сурабалдиев, каскадер Үсөн Кудайбергенов, депутат Баяман Эркинбаев, спортчу Раатбек Санатбаев, депутаттар Санжар Кадыралиев менен Тынчтыкбек Акматбаев жана журналист Геннадий Павлюк сыяктуу көрүнүктүү адамдар өлтүрүлгөн. 

Мындан сырткары, журналисттерге болгон кысым жана чабуулдар да көнүмүш адатка айланып калган.

Ушундай мыйзамсыздыктын фонунда бийликтин акыйкатсыздыгына каршы болгон эл алгач 2010-жылы 6-апрелде Таласта көтөрүлүп, кийин республикалык деңгээлдеги толкундоолор башталган. Анын жыйынтыгында Бакиевдер өлкөдөн качып кетишкен. 

“ПолитКлиника” медиасы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты