Бостериден Кара-Ой айылына чейин 61 млн долларга канализация тутуму курулат

  • 2 года мурун

Ысык-Көлдүн Бостери айылынан Кара-Ой айылына чейин 61 млн долларга саркынды суу түтүгү (канализация) тутуму курулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуникалдык чарба мамлекеттик агентигинин директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу долбоордук-сметалык документацияны даярдоого франциялык компания тандалып алынды.

“Долбоордун баасы 61 млн долларды түзөт. Бостериден баштап, Кара-Ой айылына чейин канализация салынат. Бостеридеги саркынды сууну тазалоочу насостук станция жаңыдан курулуп, ордунан көчүрүлөт. Ошондой эле Саймалуу-Ташка кеткен атайын туристтик жол салынып, тарых музейдин имараты курулат”, — деп билдирди Абдыраев.

Ал учурда долбоордук-сметалык документация бүткөнүн, жазында парламентке ратификацияга келерин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты