Бостеридеги жарандын өлүмү: Шектүүлөрдү кармап жаткандагы видео 2 жыл мурун тартылган

  • 12 месяцев мурун

14-августта Бостеридеги жарандын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган. Аны менен бирге шектүүлөрдү кармап жаткан учурдагы видео дагы жарыяланган.

Билдирүүгө тиркелген видео эски болуп чыкты. Ал эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо учурунда тартылып, Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан YouTube платформасына жарыяланган.

ИИМдин басма сөз кызматы социалдык тармактагы баракчаларынан видеону өчүрүп салды.


Ысык-Көл облустук милициясы окуя боюнча комментарий берди.

«Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатынын жээгиндеги эс алуучунун өлүмүнө шектүүлөрдү кармоо иштери түн ичинде жүргүзүлгөндүктөн видеонун сапаты өтө начар болуп, көрүнбөй калган. Шектүүлөр Бишкектен, Бостериден кармалган. Эски видео колдонулганы чын. Бирок анын архив экенин көрсөтпөй калыптырбыз«,», — деп айткан ОИИБнан.

Ушул жылдын 6-августунда Бостери айылында жайгашкан “Алтын-Кум” пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургуну А.Б. өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын көп жылдык эмгек стажы бар жана тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен турган атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн болчу.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты