Босния жана Герцеговинада суу ташкын болуп, жер көчкү жүрдү

  • 17 часов мурун

Босния жана Герцеговинада суу ташкын жана жер көчкү болуп, 16 киши каза тапты. Бул тууралуу The Guardian басылмасы билдирди.  

Маалыматта белгиленгендей, кырсыктын очогу Яблоница жана Кониц шаарларында болду. 4-октябрда нөшөрлөгөн жамгыр жаап, суу ташкыны жүрдү. Жергиликтүү бир нече адамдын турак жайын, алар уктап жатканда, капысынан суу каптады. Суу топтолуп, бир катар райондордо жер көчкү жүрдү. Үйлөр, жолдор, көпүрөлөр бузулуп, электр жарыгы келбей калды.

16 киши каза тапты, арасында бир наристе бар, ондогон адамдар дайынсыз болууда.    

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты