Борбордун Медеров-Панфилов көчө кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат
- 12 месяцев мурун
Жолдорду реабилитациялоонун негизинде Бишкек шаарынын Медеров жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши 23-июндан 29-июнга чейин унаа кыймылы үчүн жабылат.
Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.
Унаа кыймылы үчүн Медеров/Абай жана Медеров/Тыныстанов көчө кесилиштери ачык болот.
Бишкек шаарынын мэриясы жолдордо тыгындарды болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспортту пайдаланууну өтүнөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




