Борбордук аянтта Манастын айкели убактылуу алынды
- 2 года мурун
17-январда борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы Манастын айкели турган жерди оңдоо иштери башталды. Мындан улам айкел убактылуу алынат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери убагында Манастын айкели муниципалдык базага сактоо үчүн убактылуу көчүрүлөт.
«Буга чейин Айкөл Манастын айкелин реконструкциялоо иштери башталган. Реконструкциялоонун алкагында эстеликтин постаменти толугу менен жаңыланып, жер төлөнүн конструкциялары бекемделет»,- деп билдирди мэрия.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




