Борбордо дагы бир сквер пайда болду

  • 11 месяцев мурун

«Бишкекжашылчарба» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Байтик-Баатыр жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде дагы бир сквердин курулушун аяктады.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек жашыл чарба кызматкерлери аянты 120 чарчы метр келген эки скверге бордюр жана тротуар орнотушту.

Ошондой эле 14 сугат лоток орнотулуп, курулуш иштери аяктагандан кийин жарандарга жана жакынкы үйлөрдүн жергиликтүү тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн дароо отургучтар жана таштанды челектери орнотулду. Жерине топурак себилип, андан ары жашылдандырылып, газон чөптүн уруктары себилди.

Сүрөт: Бишкек мэриясы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты