Борбордо Айт намаз убагында коомдук тартипти 2500ден ашуун милиция кызматкерлери камсыз кылды

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 16-июнда Кыргызстанда мусулмандардын Курман Айт майрамы белиленип, борборубузда жайгашкан мечиттерде Айт намазы окулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга 2500ден ашуун милиция кызматкерлери кызматта болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан мечиттердин ичине тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө болбогондугу эскертилип, Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул күзөт башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуларга жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, ошону менен бирге, мечиттердин аймагында, шаардын көчөлөрүндө жол тыгындарын алдын алуу иштерин алып барышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты