Борбор шаардын Киев көчөсүнүн бир бөлүгүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл киргизилген
- 1 месяц мурун
Шопоков көчөсүндө жолду кеңейтүү иштерине байланыштуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана Киев көчөсүнүн өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Киев көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкесинде 1-майдан тартып убактылуу эки тараптуу кыймыл киргизилген.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Кабыл алынган чечимдер жолдо жүрүүнүн натыйжалуулугун талдоо жана жол тармагынын чектеш бөлүктөрүндөгү жол тыгынын азайтууга багытталган.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




