Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары менен Европа кеңешинин президентин расмий кабыл алуу иш-чарасы өттү

Бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өткөн «Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммитинин алкагында президенти Садыр Жапаровдун атынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларын жана Европа кеңешинин президентин расмий кабыл алуу иш-чарасы болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Меймандарды тосууда аларга Жер планетасы, анын адамзат үчүн ыйыктыгы жана баа жеткис белек экени, Жерде жашаган адамдар бир тууганча, бекем достукта жашашы зарылдыгы баяндалган «Ыйык аманат» аттуу театрлаштырылган пролог көрсөтүлдү.

Театрлаштырылган пролог Драм театрдын артисттери жана “Шаттык” улуттук үлгүлүү бий ансамбли тарабынан коюлду.

Андан соң делегация башчыларына Ч. Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли жана филармониянын эстрадалык-симфониялык оркестри тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Актерлор менен эстрада артисттери Борбор Азия өлкөлөрү менен Евробирликтин ортосундагы тарыхый достукту, ынтымакты, ар тараптуу кызматташтыкты жана маданий-социалдык карым-катнашты жогорку чеберчилик менен көрсөтүп беришти.

Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Европа Кеңешинин делегация башчылары үчүн БА жана ЕБ өлкөлөрүнүн белгилүү музыкалык чыгармалары аткарылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты