Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт
- 5 месяцев мурун
15-апрелден 19-апрелге чейин Боом капчыгайында (темир жолдун 3886-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүүдө. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.
Автоунаа менен каттамыңызды алдын ала пландап коюуңузду суранабыз.
Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.
Муну бөлүшүү