Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери аяктады

  • 2 года мурун

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери аяктады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Таштарды түшүрүү иштеринде жалпы 22 темиржолчудан турган жумушчу топ иш алып барды. Алардын ичинен атайын даярдыктан өткөн 6 альпинист кооптуу таштарды атайын шаймандар менен түшүрдү. Аталган иш-чара жылына эки жолу – жаз жана күз мезгилинде аткарылат, убактысы бир айга чейин созулат. Кошумчалай кетсек, кооптуу таштарды түшүрүү иштери 17-октябрдан 21-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында уланат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты