Боом капчыгайында 17-21-апрелде кооптуу таштар түшүрүлүп, каттам жабылат 

  • 1 год мурун

17-21-апрелде Боом капчыгайында кооптуу таштар түшүрүлүп, каттам жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүүдө.

«Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат. Автоунаа менен каттамыңызды алдын ала пландап коюуңузду суранабыз. Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты