Боом капчыгайында кайрадан сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылды

  • 2 года мурун

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 136-чакырымында (Боом капчыгайы) болжол менен саат 16:30дар чамасында кайрадан сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Буга байланышту жол эки тараптуу убактылуу жабылды. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Министрлик айдоочуларга убактылуу жолго чыкпай турууну сунуштайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты