Боом капчыгайында 15-19-майда таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

  • 1 год мурун

Боом капчыгайында 15-19-майда таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

15-майдан 19-майга чейин  Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901 км) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт.

Жумуштар ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты