Бообек Турсункулов Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы кызматынан убактылуу четтетилди

  • 2 года мурун

Бообек Турсункулов Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Конституциянын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Турсункулов Бообек Шамалбекович Судьялар кеңеши Башкы прокурорго кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты