Бообек Салимжанов президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды
- 1 год мурун
Бообек Салимжанов президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
37 жаштагы Бообек Салимжанов Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда төрөлгөн. Буга чейин өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө, Майлуу-Суу мэриясынын аппаратында иштеген. 2017-жылдан 2019-жылга чейин Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу болгон.
Муну бөлүшүү