Болот Темиров: “Соттун бул чечими менен балабызды тартып алганы жатышат”

  • 3 дня мурун

«Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров жана аталган долбоорлордун директору Махабат Тажыбек кызы экөөнүн баласын камкорчу катары өзүнө же чоң апасына берсе болмок деп Фейсбук баракчасында билдирди.

“Сот баланы камкорчу катары мага же учурда бирге жашап жаткан чоң апасына берсе болмок. Бирок сот баланы социалдык коргоо кызматына берүүнү чечти. Шаардык соттун чечимине чейин баланы чоң апасынан тартып алышпайт… бирок коркунуч жок деп айтууга болбойт» деди Болот Темиров.

“Бала укугу боюнча юристтер менен кеңешип көрдүм. Коркунуч бар экен. Эгер шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырса, анда социалдык камсыздоо кызматы баланы кимге калтырууну чечет. Балдар үйлөрү азыр жок, бирок фостердик үй-бүлөгө берип салышы мүмкүн. Чынында, соттун бул чечими менен балабызды тартып алганы жатышат” деди Темиров.

Адвокат Улан Сейитбеков Махабат Тажыбек кызына чыккан өкүмдөн кийин соттон анын баласы эмне болору тууралуу тактаганын айтты.   

-Махабат Тажыбек кызынын баласы боюнча, өкүмдү окуп бүткөндөн кийин соттон тактадым, ал айтты, атасы чет өлкөдө, апасы камакта болуп жатат, мыйзам боюнча карай турган адам, жакын туугандары жок болсо, анда балдар үйүнө өткөрүп берет. Бирок туугандары бар. Сот  өкүмү күчүнө киргенден кийин, туугандарына берилет да, -деди адвокат. 

Бүгүн, 10-октябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча соттук отурумда чечим чыгарылды.   

Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталды.  

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Махабат Тажыбек кызы — иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы. Болот Темиров Temirov Live жана «Айт-айт десе» долбоорлорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгарылган.

Сүрөттө: Болот Темиров. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты