Боксчу Санжай Сейдакматов эл аралык турнирде коло медель жеңди

  • 4 месяца мурун

Боксчу Санжай Сейдакматов Эл аралык турнирде коло медель жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Санжай Сейдакматов Баку шаарында (Азербайжан) өтүп жаткан “Улуу Жибек Жолу” аталышындагы Эл аралык мелдеште коло медаль утту.

Ата мекендик спортчу 57 кг чейинки салмакта 1\4 финалдык баскычтан баштады. Анда биринчи раундда тажикстандык Мухаммадали Хасановду нокаутка кетирип, 1\2 финалда өзбекстандык Худойназар Фаизов аттуу мушкерге 2:3 эсеби менен жеңилип 3-орунду камсыздай алды.

Эске салсак, Азербайжандын борбор калаасы Баку шаарында 24-мартта башталган Эл аралык турнир 29-март күнү жыйынтыкталат. Аталган мелдешке 11 өлкөдөн келген (Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Орусия, Польша, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Иран, Италия, Пакистан жана Венгрия) 120 спортчу катышууда. Кыргызстандын атынан 5 мушкер катышты.

Эркектер арасында 13 салмакта ченинде, ал эми кыз-келиндер арасында 5 салмакта беттештер өтүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты