Бокс боюнча өспүрүмдөр арасында республика чемпионаты жыйынтыкталды

  • 5 месяцев мурун

6-март күнү Токмок шаарындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде бокс боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 277 спортчу (38 кыздар, 239 балдар) катышты. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.

Мелдештин жыйынтыгында “мыкты мушкер” наамы Арваз Ахмадиге (66 кг) тапшырылды. Ал эми “мыкты машыктыруучу” наамы Ислам Алимжановго ыйгарылса, “мыкты калыс” наамы Бекзад Абдурашидовго тапшырылды. Кыздар арасында Айдина Аскарова (66 кг) “мыкты мушкер” наамын алды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты