Камактагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтүүгө алынганы айтылууда

  • 2 года мурун

18-августта камактагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу «Баштан башта» кыймылы билдирди. Аталган кыймылдын Телеграм-каналына жарыяланган видеодон бөлмөнүн чачылып жатканын көрүүгө болот жана аны тарткан адам тинтүү 18-августта кечки саат 6.20да болгонун айткан.

Ички иштер министрлиги бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта кечинде милиция бир несе саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

Биринчи май райондук соту 16-августта блогерди шаардагы №1 тергөө абагына эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты