“Биздин балдар. Коопсуз чөйрө” аттуу социалдык форум өткөрүлдү

  • 8 месяцев мурун

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын демилгеси менен Каракол шаарында “Биздин балдар. Коопсуз чөйрө” аттуу социалдык форум өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыл сайын 25-ноябрда кыздарга жана аялдарга карата зомбулукту жоюу үчүн күрөштүн эл аралык күнү белгиленет, аны менен “Зомбулукка каршы 16 күн” дүйнөлүк акциясы башталат.

Кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөш боюнча 16 күндүк өнөктүктү утурлай, бул социалдык форум Каракол шаарынан, Түп жана Ысык-Көл райондорунан келген балдардын, ата-энелердин, бийлик өкүлдөрүнүн, эксперттердин катышуусунда өттү.

Асель Чынбаева өз сөзүндө секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, кыздар менен аялдарга карата зомбулукка нөлдүк сабырдуулукту өнүктүрүү, балдар жашаган чөйрөнү өзгөртүү жана ата-энелик мамилелерди жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Форумдун жүрүшүндө окуучу кыздар өз баяндамаларында “Терек” балдарга жардам берүү борбору өткөргөн окутуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, ошонун аркасы менен турмушундагы жакшы өзгөрүүлөрдү — үй-бүлөдө жана мектепте баарлашуудагы кыйынчылыктарды жеңүүнүн практикалык көндүмдөрүн үйрөнгөнүн айтып беришти.

Жогорку квалификациялуу эксперттер өткөргөн 12 семинарда форумдун катышуучулары зомбулуктун алдын алуу, жабыр тарткан балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү чаралары, сексуалдаштырылган зомбулукту комплекстүү экспертизалоо өзгөчөлүктөрү, балдардын көрсөтмөлөрүн депонирлөө жана баланын инсандыгы калыптанган баланын биринчи институту катары дени сак үй-бүлөнү түзүү боюнча билимдерин жогорулатышты.

Форум ички күчтү жана зордук-зомбулукка жол бербөө чакырыгын символдоштурган “Кыздардын колунан баары келет” инсталляциясын көрсөтүү менен аяктады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты